АКШ гуманитардык жардам үчүн Украинага 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматка ылайык, АКШ Украинадагы согуштан жапа чеккен украиналыктарды колдоо үчүн 1 миллиард доллардан ашык гуманитардык жардам берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү 24-мартта өткөн НАТОнун Брюсселдеги конференциясында АКШ президенти Жо Байден билдирген.
Ошондой эле Европага барган көптөгөн украин качкындары ата мекенине жакын болууну каалап жатканын, АКШ 100 миң украиналыкты кабыл аларын жана үй-бүлөлөрдү бириктирүүгө көңүл бурарын белгиледи.
Эске салсак, 24-февраль күнү Орусия Украинага аскердик операциясын жарыялаган. Аскердик операция башталгандан бери 3 миллион 300 миңден ашуун качкын өлкөдөн чыгып, дагы 6 жарым миллиону өлкөнүн башка аймактарына көчүрүлгөн.