Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта УКМКнын чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Өз сөзүндө өлкө башчы быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөндүгүн белгиледи.
"Чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, алдыңарда тургандай, Тигр үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда.
Бул жерден мен расмий түрдө айтып коюшум керек, тизмектелип өткөндөрдүн баарын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, тагыраак айтканда, буга чейин адат болуп калган мурда колдонулган эски техникаларды эмес, жаңы техникаларды сатып алып жатабыз.
Буга чейин аскер техникалары жалаң гана гранттардын эсебинен Жардам катары эски техникалар келип турган болсо, эми мындан ары заманбап, жаңы техникаларды өз акчабызга сатып алып турабыз.
Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7 жарым миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүп жатабыз.
Мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштерди улантуудабыз", - деди Садыр Жапаров өз сөзүндө.
Мындан тышкары, президент 5 миллион доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунаалары сатылып алынгандыгын билдирди.