Дыйкандар айыл чарба жерлери үчүн үч жыл жер салыгын төлөбөйт

Өлкөдө дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Алсак, дыйкандар 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык төлөбөйт.

Чечим президенттин "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды. Ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан