Дмитрий Медведев Орусияда өлүм жазасын киргизүү тууралуу пикирин билдирди

Орусиянын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Орусияда азыр өлүм жазасын кайтарууга эч кандай чектөөлөр жок экенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Медведев Орусия Европа кеңешинен чыгат деген билдирүү жасаган. Ошондон улам өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазасын кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун айткан.

"Бул абдан татаал маселе. Дароо чечим чыгарып коюу кыйын. Эгерде жогорку жазаны талап кыла турган кылмыштар жасала баштаса, албетте, маселени кайра карап чыгууга туура келет. Бул маселеден Орусиянын баш тартышынын себептеринин бири — Европа кеңешине мүчө болушу эле", - деди Медведев.

Тактап айтканда, Орусияда өлүм жазасына 1997-жылдын 16-апрелинде мораторий жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан