Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский каза болду делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өзүнүн телеграмм каналына жазды.
"Мен Владимир Вольфович Жириновскийдин ден соолугуна тынчсыздангандардын баарын ишендиргим келет. Ал тирүү. Анын абалы чындап эле оор. Бүгүн ал томографиядан өттү. Биз ал үчүн тынчсызданып жатабыз, ал үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат. Анын тезирээк сакайып кетишин каалайлы”, - деп жазды Володин.
Буга чейин Владимир Жириновскийдин Москвадагы клиникалардын биринде каза болгондугу кабарланган.