Орусиянын "Биринчи каналынын" мурдагы редактору Марина Овсянниковага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, редакторго "Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу атайылап жалган маалыматты коомчулукка таратуу" боюнча иш козголгон. Соттук отурум 14-апрелге белгиленген. Журналистке 50 миң рублга чейин айып салынары айтылууда.
Буга чейин Марина Овсянникова эфирде "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыккандан бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.
14-март күнү кечинде Орусиянын "Биринчи каналы" түз эфирде жаңылык көрсөтүп жаткан маалда Марина Овсянникова согушту токтотууга чакырган плакат менен кирип келген.
Марина Овсянниковага түз эфир учурунда "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыкканы үчүн 30 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынган.