Жазаларды аткаруу кызматы SUPER.KG порталына Даниэль Ажиевдин СИЗО-1де түшкөн сүрөттөрү боюнча комментарий берди.
"Бул сүрөт менен видеолор Ажиев СИЗО-1де отурган кезде, тактап айтканда 2020-жылы тартылган. Ал ошол маалда телефон колдонгондугу үчүн тиешелүү жазасын алган. Андан кийин Кызыл-Жарга которулуп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта Даниэль Ажиев Бишкектеги СИЗО-1де түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жүктөдү. Анда Ажиев бир кишилик камерада жатканын, ичинде сыналгы, муздаткычы бар экенин көрсөткөн.