Чүй облусунун Сокулук районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы Айсулуу жана 14 жаштагы Амина аттуу бир туугандар табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, эже-сиңди 25-мартта кечинде Сокулук районунун аймагынан табылып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыздар ата-энесине өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Айсулуу жана Амина Тазабековалар 24-мартта Сокулуктагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес.