Биз социалдык тармакта

Журналист Арзыгүл Галымбетова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында анын кесиптештери тарабынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, маркумдун жүрөгү сокпой калган. Бүгүн, 26-мартта саат 18:00дө "Базар-Башы" мечитинде жаназа окулат.

Арзыгүл Галымбетова "AKИpress" маалымат агенттинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Арзыгүл Галымбетованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан