Милиция кызматкерлери элди каттоодо коопсуздукту камсыздап, түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлайт.
Маалым болгондой, аталган министрлик эл каттоодо коопсуздукту камсыздоого милденттендирилген.
25-марттан баштап республиканын аймагында "Эл каттоо" жараяны старт алды. Чүй РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын капитаны, Чүй-Токмок аймактык статистика бөлүмүнүн жетекчиси, Чүй-Токмок аймактык статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине нускама өткөрүштү. Учурда Чүй РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери айылдарды кыдырышып, жарандарды каттоодо ыкчам коштоо жүргүзүшүүдө.