"Өзүн коргоого аракет кылып, күйөөсүн бычактаган". №2 абактагы аялга юридикалык жардам көрсөтүлдү

Жарандык никедеги күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен №2 абакта отурган аялга юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Юстиция министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда камактагыларга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат. Анын алкагында жардам сурап кайрылгандардын арасында соттолгон Вера (аты өзгөртүлдү) да бар. Анын жеке арызы боюнча юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жактоочу Нурсултан Жаныбеков дайындалды.

"Вера сотко анын ишин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Ал адам өлтүрүү аракети (1997-жылдагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 28-97-беренелери) менен айыпталган. Ошондой эле колунда жок мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратылган. Мүлкү жоктугунан мүлктү конфискациялоо боюнча соттун токтому аткарылбайт жана ага мунапыс колдонуу мүмкүн эмес.

Вера жарандык никедеги жолдошу менен чогуу атасынын батиринде жашаган. Окуя болгон күнү жолдошу эшикти талкалап, Верага кол көтөрүп, сабаган. Ал өзүн коргоого аракет кылып жолдошун бычактаган. Вера бул аракетин чындыгында өзүн-өзү коргоо болгон деп ишендирүүдө.

Жактоочу тарабынан иш-аракеттердин планы түзүлүп, "Тез жардам" клиникалык ооруканасына жабырлануучу тарабынан ур-токмокко алынгандыгы жана ден соолугуна келтирилген зыян жөнүндө маалымат (дарыгердин корутундусу жана/же медициналык маалымкат) берүү өтүнүчү даярдалып, жактоочулук суроо-талап жөнөтүлгөн.

2022-жылдын 16-мартында Жогорку Сот жактоочунун кылмыш ишин кайра карап чыгуу жана соттолгон адамдын мүлкүн конфискациялоону жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырды.

Мындан тышкары Вера жашы жете элек баласы менен жолугушууну уюштурууга жардам сурап кайрылган, анын уулу балдар үйүндө болгондуктан, жолугууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Жактоочунун жардамы менен 14-марттан 17-мартка чейин уулу менен жолугушуу уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлиги №2 колониядагы соттолгон аялдарга юридикалык көмөк көрсөтүүнү улантат жана башка колонияларга да барууну пландаштырып жатканын кошумчалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан