Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылды

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылды. Бул туурасында аталган каналдан маалымдашты.

"Кесиптешибиз Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү мезгилсиз дүйнө салды. Ал чыныгы кесипкөй, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган жан эле. Арзыгүл Галымбетова мыкты журналист гана эмес ишеничтүү эже-сиңди боло алды. Кечээ эле жадырап-жайнап жүргөн кесиптешибизди бүгүн арабыздан жоготуу биз үчүн оор болуп, кабыргабыз кайышып турат. Бул жөн жерден болбошу мүмкүн. Акыркы убактарда өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу ар кандай адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатканын ачык-айкын жарыялап келген. Ошондуктан Баткен телеканалынын жалпы жамааты сырдуу өлүм боюнча иликтеп берүүнү укук коргоо органдарынан талап кылат", - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал "AKИpress" маалымат агенттигинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан