Украинадагы аскердик кагылышта дагы бир кыргызстандык жигит каза болду

Украинадагы салгылашта Рустам Зарифулин аттуу дагы бир кыргызстандык жигит каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги маркумдун жакындарына таянып жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, ал 1996-жылы туулган жана бүгүн, 26-март күнү 26 жашка чыкмак. Маркум Харьков облусундагы Изюм шаары үчүн болгон салгылашта курман болгон. Анын сөөгү 27-мартта жерге берилери маалымдалды.

Тышкы иштер министрлиги азырынча бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгон.

24-мартта Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Маркумдун сөөгү Канттагы авиабазадан Кара-Ой айылына жеткирилип, аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан