Каракол шаарында канализация түйүнү жана саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай курулат. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулуш иши апрель айында башталат.
"Шаардагы саркынды сууларды тейлөө станциясы 1980-жылы курулган. Ал дээрлик жарактан чыккандыктан шаар тургундары канализация түйүндөрүнө кошула албай келет. Ошондой эле экологияга дагы чоң коркунуч жаралган. Эми бул көйгөйлөр чечилип, 2 жыл ичинде долбоор толугу менен ишке ашат. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.
Президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Сулайманов ишти тездетүү максатында Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Ариф Бахрудин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Канокпан Лао-Арайа менен жолугушту.
Долбоорго ылайык, 12 чакырым 800 метр канализациялык түйүн салынат. 200 метр түтүк орнотулат, насостук станциялар жана резервуар орнотулат. Суткалык жөнгө сулуу бассейндери жана биокөлмөлөр тазаланат. Ошондой эле Караколдун "Сууканал" ишканасына заманбап атайын техникалар алынат. Саркынды суулар тазаланган соң Ак-Суудагы суткалык жөнгө сулуу бассейнинен сугат жерлерди сугарууга пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.