"Сен кылуудан корккон тобокелчиликти кылгандар сен кыялданган жашоодо жашашат".
Бүгүнкү күндө күнүмдүк жашообузду кыйла жеңилдетип, жалпы адамзаттын пайдасына кызмат кылып жаткан технологияларды биз сыяктуу эле адамдар жасап чыккан. Алардын бири белгилүү Facebook компаниясынын (азыркы Meta) негиздөөчүсү Марк Цукеберг. "Ийгилик" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында мына ушул инсан тууралуу кызыктарды айтып беребиз. Ийгиликтүү адамдын өмүр таржымалында ар бирибиз ала турган мыкты өрнөктөр арбын. Анда сөз башынан болсун...
Марк Цукерберг
Медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн
Марк Эллиот Цукерберг 1984-жылы 14-майда АКШнын Нью-Йорк штатындагы Уайт-Плейнс шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Эдвард Цукерберг тиш дарыгери, апасы Карен Цукерберг ооруканалардын биринде психиатр болуп эмгектенген. Марк үй-бүлөдө жалгыз эркек. Анын Ренди аттуу эжеси, Донна жана Ариэль аттуу эки карындашы бар.
11 жашында жараткан алгачкы ийгилик
Марк 10 жашында эле маалыматтык технологияга кызыга баштаган. Уулунун мындай жөндөмүн байкаган атасы ага компьютер сатып берген. Күнүмдүк убактысынын көп бөлүгүн компьютер менен өткөргөн кичинекей программист 11 жашында атасы үчүн ZuckNet аталышындагы программа жазып чыккан. Ал тиш дарыгери болуп иштеген атасына келип-кеткен бейтаптар тууралуу маалымат берип турган эң жөнөкөй программа эле.
Кийин орто мектепте окуп жүргөндө “Риск” аталышындагы оюнду иштеп чыгат. Анын бул жетишкендиги белгилүү Microsoft компаниясынын көңүлүн бурган. Компания 15 жаштагы Марк Цукербергге чогуу иштешүүнү сунуштап, бул үчүн ага 2 миллион доллар төлөп берүүнү убадалаган. Ал кезде Марк орто мектепти да аяктай элек болчу. Мындан улам окууну улантарын жана алдыда башка максаттары бар экендигин билдирип, компаниянын сунушунан баш тарткан.
Болочок миллиардердин кийинки эмгеги “Synapse” программасы. Муну ал жогорку класста окуп жүргөндө бирге окуган досу менен чогуу иштеп чыккан. Аталган программа музыка сүйүүчүлөрүнө арналган эле. Ал колдонуучулардын табитин айырмалай билип, күнүмдүк тизмеге угармандын каалоосуна ылайык ырларды автоматтык түрдө чыгарып берүүгө ылайыкталган. Марктын бул иши да бир катар беделдүү компаниялардын кызыгуусун туудурган.
Университетти жарым жолдо таштап...
Марк Цукерберг мектепти аяктаган соң дүйнөдөгү престиждүү окуу жайлардын катарын толуктаган Гарвард университетине, психология факультетине тапшырган. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө да кошумча программа жазууну үйрөткөн курстарга барып билим алган. Ал программалоого болгон кызыгуусунан улам Гарварддагы окуусун жарым жолдо таштоого аргасыз болгон. Буга Фейсбукту түзүүдөгү убакыттын жетишсиздиги да себеп эле. Бирок 12 жылдан кийин Гарвард университети ага атайын илимий даража ыйгарган.
Программа жазуу менен бирге тил үйрөнүүнү да жактырат
Марк Цукерберг программа жазуудан тышкары тил үйрөнүүгө да абдан кызыгат. Учурда ал англис, француз жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. Мындан тышкары иврит, латын жана байыркы грек тилдерин билет. Дагы бир маалымат Марк Цукерберг бала кезинен бери дейтеранопия дарты менен жабыркайт. Дейтеранопия менен жабыркаган адамдар жашыл, кызыл жана сары түстөрдү айырмалай билүүдө кыйынчылык тартышат. Бул сейрек дарт планетанын 1 пайыз калкында гана кездешет. Марк Цукерберг өзү белгилегендей, ал көп нерсени көк түстө көрөт жана Фейсбуктун негизги түсү көк түстө болуп калышынын да себеби ушул.
Фейсбуктун жаралышы
Марк Цукерберг Гарвардда окуп жүргөндө студенттер үчүн атайын “Facemash” аталышындагы программа жазып чыккан. Андагы эң негизги өзгөчөлүк: программанын колдонуучулары өз сүрөттөрүн жайгаштырып жана башкалардын сүрөттөрүнө жактыруу белгиси менен добуш бере алышмак. Аталган сайт ишке киргенден кийинки бир канча сааттын ичинде эле катталуучулардын саны миңден ашкан. Алардын арасында тек гана Гарварддын студенттери эмес, коңшу Стенфорд жана Йель университеттеринде окугандар да бар эле. Азыркы күндө дүйнөгө белгилүү Фейсбук компаниясынын түптөлүшү мына ушундайча башталган.
Фейсбуктун түзүүчүлөрү иш үстүндө. Марк Цукерберг, Дастин Московиц жана Криз Хьюз
Алдыда көпчүлүк студенттердин сүймөнчүгүнө айланган программаны андан ары өнүктүрүү иши турган. Бирок мынчалык чоң масштабдуу долбоорду жалгыз ишке ашыруу Марк Цукерберг үчүн кыйынга турмак. Анын үстүнө буга чоң суммадагы акча каражаты керек эле. Көп өтпөй Марк Гарвардда чогуу окуган Дастин Московиц, Эндрю МакКоллум жана Крис Хьюз аттуу достору менен бирге кыялданып жүргөн сайтты түзүүгө киришкен. Ал эми ишкердик менен алектенген Эдуардо Саверин аттуу досу демилгени финансылык жактан колдоого алган. Марк Цукерберг мына ушул долбоорду аягына чыгаруу үчүн Гарвардды таштоого аргасыз болгон. Бирок кийин маектеринин биринде бул кадамы үчүн өкүнөрүн билдирген.
Ошентип 2004-жылы 4-февралда Фейсбук ишке кирген. Алгачкы жылы эле колдонуучулардын саны миллиондон ашып, Марк Цукерберг жана анын досторунун күн-түндөп кылган эмгегинин үзүрү кайта баштаган. Программаны андан аркы жакшыртуу иштерин Питер Тиелс аттуу жеке ишкер колдоого алып, 500 миң доллар каражат бөлгөн. Натыйжада Фейсбук дүйнөгө тарап, 2006-жылы АКШдагы эң алдынкы 10 сайттын катарына кошулган. Ал эми Марк Цукерберг аталган ишинен 1 миллард 5 миллион доллар киреше таап, 23 жашында тарыхтагы эң жаш миллиардер аталган.
Башканын идеясын уурдап алды деп айыпталып...
Көпчүлүктүн арасында төбөсү көрүнө баштаган адамдарга бут тосуу ар бир жерде болот. Фейсбуктун студенттер үчүн түзүлгөн алгачкы версиясы АКШдагы жогорку окуу жайлар арасында белгилүү боло баштаганда Марк менен чогуу окуган бир тууган студенттер Маркты башканын идеясын уурдап алууга күнөөлөп чыгышкан. Бир туугандардын айтымында, алар ага чейин Маркты программист катары дал ошондой эле сайтты биргелешип түзүүгө чакырышкан. Бирок бул сунуш ишке ашкан эмес. Кийин бир туугандар Марк Цукерберг менен бир канча жолу соттошкон. Анткен менен бир да жолу соттон жеңип чыга алышкан эмес.
Учурда дүйнөдөгү эң бай жетинчи адам
Жогоруда белгиленгендей, Марк Цукерберг 23 жашында тарыхтагы эң жаш миллиардер аталган. Америкалык Forbes журналы 2010-жылы анын кирешесин 4 миллиард доллар деп эсептеген. Ошол эле жылдын сентябрь айында ал АКШдагы миллиардерлердин тизмесинде 29-орунга жайгашкан. Анын кирешеси бул жолу 7 миллиард доллар экендиги белгиленген.
Бир жылдан кийин эле аталган журнал жаңы рейтинг жарыялап, анда Марк Цукерберг АКШдагы байлардын арасында 14-орунга жайгаштырылган. Анын кирешеси бир жылда эле 7 миллирд доллардан 17 миллиард долларга чейин жогорулаганы маалым болгон.
2018-жылы анын кирешеси 70 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2020-жылдын декабрь айында журнал Цукербергдин байлыгын 101 миллиард доллар деп эсептеп, аны “планетанын эң бай үчүнчү адамы” деп атаган.
Учурда Марк Цукерберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 7-орунда турат. Анын байлыгы 117 миллиард 5 миллион долларды түзөт. Муну жалпак тил менен айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынан 26 эсе көп дегенди түшүндүрөт.
Үй-бүлөсү
Марк Цукерберг 2012-жылы 19-майда Присцилла Чан аттуу айымга үйлөнгөн. Присцилла Чан 1985-жылы Массачусетс штатындагы Брейнтри шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси океан аркылуу Вьетнамдан Америкага жер которуп келген кытайлык качкындар болгон. Марк Цукерберг мына ушул себептүү, тагыраагы жубайынын туугандары менен эркин сүйлөшө алуу үчүн кытай тилин үйрөнгөнүн айтат. Присцилла Чан учурда АКШда балдар дарыгери болуп иштейт. Андан сырткары кайрымдуулук иштери менен алектенет. 2015-жылы жолдошу экөө кайрымдуулук иштерине 1 миллиард 6 миллион доллардан ашык каражат сарптаганы кабарланган. Учурда түгөйлөрдүн Максима Чан (2015) жана Августа (2017) аттуу кыздары бар. Эң кызыгы Марк Цукерберг менен Присцилла Чан мекемелердин биринде кезек күтүү учурунда таанышып калган.