Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө планшеттер тапшырылды

26-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Ага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана башка жетекчилер, мугалимдер, окуучулар жана алардын жакындары катышты.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, 23-24-мартта окуучулардын республикалык олимпиадасынын IV этабы өткөрүлдү.

Олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан олимпиаданын 3-этабында 1, 2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында окуучулар төмөндөгү предметтер боюнча күч сынашты: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн. Аларга жалпы билим берүү уюмдарынын тажрыйбалуу мугалимдеринен жана жогорку окуу жайлардын компетенттүү окутуучуларынан турган калыстар тобу өз баасын берген.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан