27-март Театрдын эл аралык күнү - деп белгиленсин деген атайын токтом 1962-жылы Париждеги Улуттук театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Тeaтp (гр. – оюн коюлчу жай; оюн тамаша) – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Тeaтpдын башаты айыл чарбасына, мергенчиликке байланышкан байыркы үрп-адат, көпчүлүк катышкан элдик салтанаттардан башталат. Байыркы Грецияда өзүнчө салттары, сахнада ойноо ыкмалары бар түрлүү тeaтpлар болгон. Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө, Индия, Кытай, Индонезия, Япония жана башка өлкөлөрдө оюн-зооктордун кызыктуу жана ар кыл формалары түзүлгөн. Кайра жаралуу доорунан тeaтpдын адабий мүнөзү артып, көчмөлүктөн шаардагы маданий борборлордо турук алууга өтө баштайт. Тeaтp искусствосунун чыгармасы – спектакль драмалык же музыкалык- сахна чыгармаларынын негизинде режиссёрдун чыгармачыл оюна ылайык жана анын жетекчилиги менен актёрлордун, ошондой эле сүрөтчүнүн биргелешкен аракетинде жаралат.
Октябрь революциясына чейин кыргыздарда профессионалдык театр болгон эмес, бирок таланттуу манасчылар, комузчулар, акындар жана куудулдардын болушу театрдын түзүлүшүнө түрткү болгон. Алгач 1914-жылы Рахмонберди Мадазимовдун жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген. 1918-жылы Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу жергиликтүү эл өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок ачылган. Театр группасынын биринчи көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов болгон. Ошол күндөн тарта акырындык менен жер-жерлерде театрлар түзүлө баштаган.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры — Кыргызстандагы эң ири драма театры. Ал 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз музыкалык драма студиясы катары ачылган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамлекеттик драма театрына айланып, Касымалы Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы менен ачылган. 1936-жылы театр Кыргыз музыкалык драма театрына, 1941-жылы кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрына айландырылган. 1958-жылы театр Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, 1971-жылы академиялык наам алган. Театрдын калыптанышына жана өсүшүнө режиссёр Ж. Абдыкадыров, М. Назаралиев, Б. Ибраев, И. Рыскулов, О. Эркимбаева, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, С. Жумадылов, Ж. Сейдакматова, А. Өмүралиев, А. Осмонов, Т. Турсунбаева, Ш. Касымалиева жана башкалардын эмгеги зор. 2002-жылы театрга улуттук статусу берилген. 1972-жылдан баштап анын алдында театр окуу жайы иштейт.
Кыргызстандагы театрлар:
27-мартка карата жылнаама.