Монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери "Аламүдүн" базарындагы соодагерлерге ыраазы болушту

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери "Аламүдүн" базарында болушуп, азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, социалдык маанидеги товарлардын баасын кармап туруу, баалардын өсүшүнө жол бербөө боюнча иштер улантылууда.

"Аламүдүн" базарында эттин (уй эти) орточо баасы 1 килограммы 400-460 сом, кумшекер 85 сомго чейин, өсүмдүк майы 1 литри 150 сомдон сатылууда. Соодагерлердин өздөрүнүн айтымында, акыркы убакта кумшекердин баасы арзандап жатат. Ун, күрүч, гречка, жумуртканын баасы өзгөрүүсүз калды.

Сатуучулар товардын запасы жетиштүү, жеткирүүчүлөр тарабынан пландалгандай иш жүрүп жатат. Монополияга каршы органдын кызматкерлери сатуучуларга ак ниеттүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү", - деп кошумчалады басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан