Жыл сайын эң начар тасмаларды, актёр, актрисаларды аныктай турган америкалык "Алтын малина" антисыйлыгынын уюштуруучулары 2022-жылга карата жеңүүчүлөрүн атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Диана. Мюзикл" театралдаштырылган спектакли бир эле учурда беш сыйлыкка ээ болуп, анын ичинде "Жылдын эң начар тасмасы" номинациясына да ээ болду.
"Netflix" стриминг кызматына чыгарылган жана ханбийке Диананын жашоосу баяндалган мюзикл "Эң начар режиссёр", "Эң начар сценарий", "Эң начар актриса" (Жанна де Ваал) жана "Экинчи пландагы эң начар актриса" (Жуди Кэй) наамдарына да көрсөтүлгөн.
"Антисыйлыктын уюштуруучулары "Космостук жем: Жаңы муун" тасмасын да белгилешти. Тасма "Эң начар ремейк, уландысы же плагиат" номинациясын жеңип, анда башкы ролду ойногон баскетболчу Леброн Жеймс "Эң начар эркектин ролу" статуэткасына татыды.
Жаред Лето "Гуччи үйү" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң начар актёр" деп табылды. Ал эми Уилл Смит "Падыша Ричард" тасмасындагы ролу үчүн "Reputation" сыйлыгын алды", - деп жазылат маалыматта.
"Алтын малина" - 1981-жылы негизделген америкалык антисыйлык, жыл сайын эң начар тасмаларды жана эң начар актёрлук чеберчиликти сыйлайт. Салт боюнча "Алтын малинанын" номинанттары "Оскар" сыйлыгынын талапкерлери жарыяланганга бир күн калганда белгилүү болот.