Инспекторлор аймактар аралык жүргүнчү ташыган айдоочуларга адам өмүрү баалуу экенин эскертишти

Жүргүнчүлөрдү ташуучу жана такси айдоочуларынын арасында жол кырсыктарын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай саамалык Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Башкармалыктан билдиришкендей, жол инспекторлору автобекеттерде, "Ош базарынын" айланасындагы аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу жана такси айдоочуларынын арасында адам өмүрүнүн баалуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

"Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталарын унутпашыбыз керек", - дешет башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан