Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарында 18-мартка караган түнү катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын суусунун дээңгели көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын табигый сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Натыйжада Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканаларга кооптуу абал жаралган. Мындан улам шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.

"Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин бекемдөө боюнча тиешелүү жумуштар аяктагандыгына байланыштуу шаар мэринин буйругу менен 26-марттан тартып өзгөчө кырдаал тартиби алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан