Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп Жогорку Кеңештин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалды. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы ишенимдүү булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кызматтан кетип, анын ордуна Төрөбаев барганы жазылган.
Азырынча өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек.