Баткенде киши колдуу каза болгон подполковниктин сөөгү бүгүн жерге берилет

Баткенде киши колдуу каза болгон облустук ички иштер башкармалыгынын подполковниги Аскарали Мухамадиевди акыркы сапарга узатуу бүгүн, 28-мартта саат 12:00дө болот.

Маалым болгондой, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Баткен районундагы үйүндө өтөт.

Белгилей кетсек, 27-мартта Баткен ОИИБинин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев каза болгону маалымдалган. Кийинчерээк ал киши колдуу каза болгонун, анын өлүмүнө шектелип жээни кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан