Коңшу Казакстандын Муфтияты ыйык Орозо айы 2-апрелде башталарын жарыялады.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Муфтиятынын шариат жана фатва бөлүмүнүн башчысы Сансызбай Курбанулы быйыл ыйык Рамазан айы 2-апрелде башталарын, мындай биргелешкен чечим Өзбекстан жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашып, кабыл алынганын билдирген.
Буга чейин Кыргызстандын Муфтиятына кайрылганыбызда, Орозо айы качан башталары кийинчерээк белгилүү болорун билдирген.