Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалган. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Азиз Аалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал кызматынан бүгүн, 28-мартта алынганын президенттик администрациядан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан