Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору болуп Улукбек Кармышаков дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.
Улукбек Кармышаков буга чейин Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.