Акылбек Жапаров жаңы дайындалган Бакыт Төрөбаевге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо милдетин жүктөдү

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

"Акылбек Жапаров анын ишине ийгиликтерди каалап, Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштагы депутаты болгондугун жана министрлер кабинетинде иштөө үчүн тийиштүү билимге жана тажрыйбага ээ экендигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы орун басарынын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жайды жана реалдуу секторду өнүктүрүү, айыл чарбаны колдоого алуу боюнча милдеттерди койгон.

Бакыт Төрөбаев бүгүн, 28-мартта жаңы кызматка дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан