Владимир Путин Европага газды рубль менен сатууну 31-мартка чейин ишке ашырууну тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия өкмөтүнө, Борбордук банкка жана “Газпромго” 31-мартка чейин дос эмес өлкөлөргө газды рубль менен сатууну ишке ашырууну тапшырды. Мындай маалымат бүгүн, 28-мартта Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

"Орусия өкмөтү, банкы жана «Газпром» ачык акционердик коому Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө жана башка өлкөлөргө жаратылыш газын берүү үчүн төлөм валютасын өзгөртүү боюнча чараларды көрүшү керек", - деп жазылат маалыматта.

Украинадагы кырдаалдан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө. Буга байланыштуу Орусия АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Кийинчерээк Путин Орусия дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн төлөмдөрдү рублга которорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан