Алмазбек Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан кескин баш тартты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин диагнозун тактоо максатында 24-мартта Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн.
"Каттын негизинде 28-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринен (кардиолог, невропатолог, эндокринолог жана оториноларинголог) турган дарыгерлердин комиссиялык текшерүүсү дайындалган.
Бирок бүгүн, 28-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин жогорудагы адистери №47 медициналык түзөтүү мекемесине барганда айыпталуучу Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан кескин баш тартты. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин адистери акт түздү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин ичинен комиссиялык текшерүүлөр бир нече жолу уюштурулуп, айыпталуучу Алмазбек Атамбаев андан баш тарткан.