Азербайжандын биринчи президенти Аяз Муталибов каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Муталибов 83 жашында узакка созулган оорудан кийин каза болгон. 1990-жылы Муталибов Азербайжан ССРинин президенти болуп шайланган. Өлкөнүн эгемендүүлүгү жарыялангандан бир жыл өткөндөн кийин ал шайлоодо жеңип чыккан. Ал президент болуп турганда Тоолуу Карабакта жаңжал күчөгөн. 1992-жылы ал кызматтан кетип, андан кийин Москвага көчүп барып, 2012-жылга чейин ошол жерде жашап, кийин Азербайжанга кайтып келген.