G7 өлкөлөрү Орусиядан газ жана мунайды рубль менен сатып алуудан баш тартышты

Чоң жетиликтин өлкөлөрү (Германия, Франция, Италия, Япония, Канада, АКШ жана Улуу Британия) Орусиядан газды жана мунайды рубль менен сатып албайт. Бул тууралуу 28-мартта Германиянын энергетика министри Роберт Хабек G7 өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин билдирген.

Чоң жетиликтин министрлери Орусиянын талабын “бир жактуу жана учурдагы келишимдерди ачык бузуу” катары четке кагышкан.

"Чоң жетиликтин бардык министрлери бул бир тараптуу жана учурдагы келишимдерди ачык бузуу болот деп бир добуштан билдиришти. Алар түзүлгөн келишимдер жарактуу экенин жана компаниялар өз келишимдерин сактоого тийиш экенин дагы бир жолу баса белгилешти. Рубль менен төлөм кабыл алынгыс жана биз жабыр тарткан компанияларды андай кылбоого чакырабыз. Путиндин талабын аткарбагыла", - деген Хабек.

Украинадагы кырдаалдан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө. Буга байланыштуу Орусия АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Кийинчерээк Путин Орусия дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн төлөмдөрдү рублга которорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан