Доллардын сомго карата куну дагы төмөндөдү. Бүгүн, 29-март саат 09:10го карата өлкөнүн коммерциялык банктарында жана акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 85-86 сомдон болсо, сатуу 87-88 сомдон болууда.
Улуттук банкта 1 доллар 94 сом 29 тыйын деп көрсөтүлөт.
Аны менен катар евронун дагы курсу бир аз түшүп, сатып алуу 94 сом 50 тыйындан 96 сом 50 тыйынга чейин, сатуу 96 сом 50 тыйындан 98 сом 50 тыйынга чейин.