Америкалык актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу Крис Рокту сахнада чаап жибергени үчүн кечирим сурады. Голливуд жылдызы Инстаграм баракчасына сенсациялуу окуя боюнча билдирүү жарыялады.
"Зордук-зомбулук кандай гана болбосун уулуу жана кыйратуучу болуп саналат. Менин кечээ кечинде аземдеги жүрүм-турумум кабыл алынгыс жана кечирилгис", - деп жазган Смит.
Ал өзүнүн дарегине айтылган тамашаларды угуу актёрдун чыгармачылыгынын бир бөлүгү экенин, бирок жубайынын ден соолугуна байланыштуу тамаша ага өзүн кармай албаган эмоцияны жаратканын белгиледи.
"Крис, мен сизден эл алдында кечирим сурагым келет. Мен чектен ашып кеттим, жаңылып калдым. Мен уялып жатам жана менин иш-аракеттерим жаман адам экенимди түшүндүрбөйт. Сүйүү жана боорукердик дүйнөсүндө зомбулукка орун жок", - деп жазган Смит.
Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рокту жубайы жөнүндө тамаша кылганы үчүн чаап жиберген.