Рамзан Кадыров катуу салгылаш жүрүп жаткан Украинанын Мариуполь шаарына барды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинада эң катуу салгылаш жүрүп жаткан Мариуполь шаарына барды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Рамзан Кадыров Мариуполдо. Ал шаарды бошотуу боюнча атайын операцияны жеке өзү жетектейт", - деп айтылат маалыматта.

Чеченстандын башчысы Мариуполдо Орусиянын 8-гвардиялык бириккен куралдуу армиянын командачысы генерал Андрей Мордвичев менен дагы жолугушкан.

Өз кезегинде Чечен Республикасынын парламентинин төрагасы Магомед Даудов социалдык тармактар ​​аркылуу Кадыровго генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылганын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан