2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны дагы 1800 сомго көбөйтүү маселеси учурда каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.
"2021-жылды жыйынтыктап жатканда министрлер кабинетинин жыйынына президент Садыр Нургожоевич дагы катышкан. Ошол жерде 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны 50 пайызга көтөрүү боюнча токтом чыккан. Бүгүнкү күндө социалдык фонд эсептөөлөрдү жасап, министрлер кабинетине бердик. 1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтөбүз. Пенсиянын орточо өлчөмү 1-январга карата 6100 сом болуп жаткан болсо, биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча 1800 сомго пенсияны көбөйтүү маселеси каралып турат", - деди Абжапаров.