Стамбулда Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү өтө турган жерге Режеп Тайип Эрдоган келди (видео)

Бүгүн, 29-мартта Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын делегациялары Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн жолугушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Орус делегациясы Стамбулга кечээ, 28-март күнү күндүз келсе, Украина делегациясынын учагы ошол эле күнү кечки саат 22:00 чамасында Ататүрк эл аралык аэропортуна конгон.

Жолугушуу бүгүн, 29-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Социалдык тармактарда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу өткөн жерге келгендеги видеосу жарыяланды. Буга чейин Түркиянын президенти Украина жана Орусия делегациялары Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнүн алдында алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирген.

Жекшембиде Эрдоган Путин менен сүйлөшүүдө Украинада ок атышууну токтотууга жана гуманитардык шарттарды жакшыртууга чакырган.

Эрдоган жолугушуу өтө турган жерге келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан