Ташкент шаарындагы зоопаркта үч жашар баласын аюунун алдына ыргытып жиберген эне психикалык жактан жабыркаганы аныкталды. Мындай маалымат Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, энеге (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Кийинчерээк ал аял өткөн жылдын июль айынан бери психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы белгилүү болгон.
Экспертизадан кийин шектүү өмүр бою психикалык жактан жабыркаганы аныкталган.
"Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам ал сотто туура көрсөтмө бере албайт. Аялга карата "медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын" колдонуу боюнча чечим чыгаруу үчүн иш сотко өткөрүлдү", - деп жазылды прокуратуранын расмий сайтына.
Эскерте кетсек, 28-январда Ташкент шаарындагы зоопаркта аял кичинекей баласын тосмодон ашырып, аюунун короосуна ыргытып жиберген. Бактыга жараша, аюу балага тийген эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жогорудагы факты боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш козгогон. Кийинчерээк анын мындай жолго барышына жолдошу Орусияга кетип калганы себеп болгону айтылган.