Март айынын ортосунан бери коомчулукка чыкпай калган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бүгүн, 29-мартта маалымат жыйынга катышты.
Анда Шойгу Украинанын армиясы олуттуу зыянга учураганын белгиледи.
"Украинанын куралдуу күчтөрү олуттуу зыян тартты. Украинанын аскердик аба күчтөрү жана абадан коргонуу системасы иш жүзүндө жок кылынды. Өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү өз ишин токтотту. Кургактагы жана аба-десанттык чабуул күчтөрүнүн бардык түзүмдөрү олуттуу жоготууларга учурады", - деди Шойгу.
Ошондой эле Сергей Шойгу орус аскерлери жалпысынан операциянын биринчи этабынын негизги тапшырмаларын аткарганын белгиледи.
Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 11-марттан тарта коомчулукка жана маалымат каражаттарына чыга электиги кабарланган.