Министрлер кабинетинин сайтына "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Бул мыйзам долбоору кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачууга багытталган. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштады. Мыйзам долбоордун максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени жазылган.
Кумарканалар боюнча мыйзам долбоору социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул мыйзам долбоору тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып пикирин билдирди. Ал мамлекеттик казынаны толтуруу максатында сунушталып жатканын айтты.