"Шайтандарды жок кылуу керек". Рамзан Кадыров Украина-Орусия сүйлөшүүлөрү боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 29-мартта Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын делегациялары Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн жолугушту. Ал эми Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эки тараптын сүйлөшүүсүнөн эч кандай майнап чыкпайт деп эсептейт. Мындай пикирин ал өзүнүн Телеграм баракчасына жазып калтырды.

"Мен Түркияда сүйлөшүү жүргүзүп жаткан топтордун жолугушуусу тууралуу ойлонуп жатам. Бул сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпайт жана баштаган ишибизди аягына чыгарышыбыз керек деп эсептейм. Дегеним, бандераларды, улутчулдарды жана шайтандарды жок кылышыбыз керек. Мындан аркы аракеттерибизди ойлонуп, андан соң гана чечим чыгарышыбыз керек. Бул менин жеке пикирим", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан