Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ ПААнын мааракелик отурумдардын алкагында Алматы шаарында Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу тууралуу да сөз болду.
Алгач мамлекеттер аралык дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен да куттуктаган төрага Талант Мамытов: "Кыргыз мамлекети Орусия менен бардык багыттагы калыптанган тарыхый байланыштарды мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Анын ичинен маданий-гуманитардык, билим берүү, соода-экономикалык жана коопсуздукту коргоо жаатындагы алакаларды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ", - деди.
Байланыштарды чыңдоодо парламенттер аралык кызматташтыктын да ролу жогору экенин айткан Талант Мамытов КМШ ПАА, ЖККУ ПА сыяктуу парламенттик уюмдардын аянтчаларында да тыгыз байланышты кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдү алуу тууралуу Орусиянын чечимдерин канааттануу менен белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы унаа жана темир жол каттамдарына да киргизилген чектөөлөрдү алуу маселесин көтөрдү.
Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү келишимде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү так белгиленгенин айткан Талант Мамытов Кыргыз жарандарына карата миграциялык талаптарды жеңилдетүүнү өтүндү. Муну менен катар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын, ошондой эле Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен Кыргыз жарандары үчүн кезектеги “миграциялык амнистияны” өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга чакырды.
Өз кезегинде Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жакында эле өткөн эки тараптуу жолугушуу тууралуу сөз кылып, анда парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелер талкууланганын белгиледи. Анда кыргыз студенттери Орусиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окутуу жана эмгек мигранттарын кара тизмеден чыгаруу тууралуу сунуштар айтылганына токтолгон Валентина Матвиенко аталган маселелер Орусия өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлгөнүн маалымдады. Бардыгы оң жагына чечилерине ишеним артарын билдирип, Орусия тарап Кыргызстан менен бардык багыттагы алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
Муну менен бирге төрайым эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен да куттуктады.