Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто катуу шамал учакты буруп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарап, кийин бул маалыматты SCAT авиакомпаниясы тастыктаган.
Компаниянын маалыматы боюнча, Boeing 737 учагы учак токтотуучу жайда болгон.
"Дөңгөлөктөрдүн астында техникалык талаптарга ылайык орнотулган тормоздук колодкалар болгон. Катуу шамал учакты 30 градуска бурган. Учакта жүргүнчүлөр болгон эмес. Жабыркагандар жок", - деп комментарий берген SCAT.
Видеодон көрүнгөндөй, аэропортто турган учак катуу шамалдан улам ордунан жылып, бурулуп кеткен.