Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналына видеокайрылуу жарыялап, анда Орусиянын президенти Владимир Путинден Украинадагы атайын операцияны улантууну суранды.
Чеченстандын башчысы жаңжалды чечүү үчүн дипломатиялык ыкмаларга өтүүгө макул эместигин билдирип, ошол эле учурда бул жерде чечүүчү сөз өлкөнүн саясий жетекчилигине, президентке таандык экенин белгиледи.
Ошону менен бирге ал аскерлердин атынан сүйлөп жатканын айтып, өлкө жетекчилигине баштаган ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
"Биз президент баш болгон мамлекет жетекчилигин баштаган ишти аягына чыгарууга чакырабыз. Биз Украинаны тазалап жатабыз", - деди Кадыров.
Ошондой эле Кадыров Чеченстандын коопсуздук күчтөрүнө мындай мүмкүнчүлүк берилгенде, алар Киевге кирүүгө даяр экенин белгиледи.