Депутат: "Доллардын курсу түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай жатат"

Парламент жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков азык-түлүктүн баасы арзандабай жатканынын себебине кызыкты.

Анын айтымына караганда, доллардын жогорулашы менен бардык товарлардын баасы көтөрүлгөн.

"Доллар көтөрүлдү деп чукул арада азык-түлүктүн баалары көтөрүлгөн. Доллардын курсу 105 сомго чыгып, кайра мурдагы калыбына, тагыраагы 85 сомго түштү. Бирок товарлардын көпчүлүгү арзандабай кала берди", - деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугу боюнча депутаттарга маалымат берди.

"Доллардын баасы түшүп жатканына байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды бердик. Кумшекердин баасы 68 сом болуп жатса, 60 сомго түшүрттүк. Ал эми дүң баада 78 сомдон алып саткан кумшекерди 70 сомго арзандаттык. Өсүмдүк майы боюнча импорттоочулар доллар менен иштейт экен. Алар менен сүйлөштүк. Түштүк аймакта май заводу ишке киргизилди. Ал жакта 5 литр май 700 сомдон сатылат, 1 ай ичинде Кантта май заводу иштеп баштайт.

Ундун баасы бир калыпта кармалып жатат", - деп билдирди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан