Бишкек шаарында жылуулук берүү 4-апрелден баштап өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат.
Эске салсак, Бишкек шаарында жылуулук 5-октябрда бериле баштаган.