Акыркы чечим. Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбай турган болду

Депутат Шаирбек Ташиев мандатын тапшырбай турган болду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

"Үй-бүлөбүз менен шайлоочулардын кайрылуусун эске алып, берген убадаларыбызды аткарабыз деп чечтик. Эл-журтубузга колубуздан келгенче, акыркы кашык каныбыз калганча кызмат кылабыз. Мандатты тапшырбай турган болдум", - деди ал.

23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатып, иниси Шаирбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшыруусун суранганын айткан.

26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу жасагандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан