Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка барганынын себебин айтты

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Жыйында 68 эл өкүлү "макул" деп добуш берди.

"Президенттен сунуш түшүп, макул болдум. Депутаттарда идеялар көп, аларды ишке ашыруу зарыл. Ииштей турган долбоорлор (жумуш орундарды түзүп, казынага салык түшө турган) болсо колдоого, иштешүүгө даярмын. Өкмөттө мурдагыга салыштырмалуу чечимдер оперативдүү, бат кабыл алынат", - деди Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Бакыт Төрөбаев дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан