Бишкек финансы-экономикалык окуу жайынын жатаканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Махатма Ганди көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттан өрт чыкканы тууралуу саат 13:55те маалымат түшкөн. Ал жерге 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 14:29да чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө”, - деп билдиришти ӨКМдан.