Ысык-Көл облусунун Түп районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул клиника Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундарына 2 ай бою акысыз медициналык жардам көрсөтөт.
Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдуулар бар. Аны менен катар эле биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, "Тез жардам" унаасы да бар.
Сапаттуу медициналык жардам алууну каалаган тургундар жергиликтүү Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жана ФАПтарга кайрылып, кезекке туруулары керек.
Клиника медицина кызматкерлеринин жашоо-шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, жуунуучу жай жана башкалар каралган. Алардын айлык акысы менен чыгымдары Ислам өнүктүрүү банкы жана “Фаель Хаир” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.