Парламент министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды (өмүр баяны)

Парламент министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Ал 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгүн 1995-жылы АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык “Жамиля жана К” фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.
1998-1999-жылдары айыл чарба продукциясын өндүрүүчү “Азия-Сузак” дыйкан чарбасынын төрагасы, ал эми 2000-2007-жылдары “Мариям” ун комбинатынын башкы директору болуп эмгектенген.
2007-2009-жылдары Бакыт Төрөбаев IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болгон.
2010-жылы “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
“Республика” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, 2013-жылдын мартынан баштап “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык тобунун лидери болгон.
2015-2021-жылдары "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан